Аймак

КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫНЫН ДАГЫ 24,01 ЧАКЫРЫМЫ ТАКТАЛДЫ

КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫНЫН ДАГЫ 24,01 ЧАКЫРЫМЫ ТАКТАЛДЫ

 771 Бардыгы /

Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топтору чек аранын 24,01 чакырымын өз ара макулдашышты. Бул жөнүндө  Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин маалымат кызматынан тастыкташты.  

     Маалыматка караганда, коңшулаш эки өлкөнүн топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусу 29-ноябрдан 5-декабрга чейин Тажикстандын Бустон шаарында өткөрүлдү. Анын жыйынтыгында тараптар Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасынын 24.01 чакырымын өз ара макулдашышты. Ал эми чек аранын калган тилкелери боюнча жумушчу топтордун кийинки жолугушуусу Кыргызстандын аймагында улантылат.

     Тажикстандын Бустон шаарындагы жолугушууга Кыргыз-Тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов дагы катышкандыгы кабарланды. Камчыбек Ташиев тараптар чек араны аныктоо боюнча жалпы чечимге жакындады деген пикирин ачыктаган. Ал эми Саймумин Ятимов дагы тараптар бир катар маанилүү маселелер боюнча бир пикирге келишкендигин баса белгилеп, Ворух-Кожалы жолу боюнча дагы маселе дээрлик биротоло чечилгендигин кошумчалаган.
     Баса, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт. 2002-жылдан 2020-жылдарга чейин 519 чакырым такталса, 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экендигин ырасташкан.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17