Аймак

КАРА-СУУ РАЙОНДУК МАМЛЕКЕТТИК АКИМЧИЛИГИНИН БАШКЫ ЭСЕПЧИСИ ПАРА МЕНЕН КАРМАЛДЫ

КАРА-СУУ РАЙОНДУК МАМЛЕКЕТТИК АКИМЧИЛИГИНИН БАШКЫ ЭСЕПЧИСИ ПАРА МЕНЕН КАРМАЛДЫ

 801 Бардыгы /

          Кара-Суу райондук мамлекеттик аимчилигинин башкы эсепчиси пара менен кармалды. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМКнын) басма сөз кызматынан билдиришти.

          Маалыматка караганда. козголгон кылмыш ишинин алкагында жана ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында гана 45 миң сом пара алып жаткан жеринен Кара-Суу райондук мамлекеттик акимчилигинин башкы бухгалтери А.А.И. акыры пара менен кармалды. Кармалган жаран кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, бюджеттик каражаттарды подрядчы уюмга которууну кечеңдетүү менен коркутуп-үркүтүп, Кара-Суу районундагы Лаңгар айылына кичи футбол аянтчасын курууга каралган акчанын бир бөлүгүн кайтарып берүүнү талап кылгандыгы аныкталды.

          Ошентип, аталган фактынын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүнүн («Опузалап пара алуу») негизинде кылмыш иши козголду. Атайын иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен кармалган айыпталуучу А.А.И. Кыргыз Республикасынын УКМКсынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө абагына киргизилди. Ушул тапта кармалган жарандын ушул өңдөнгөн башка опузалоо жоруктарын, ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарынан дагы аныктоо боюнча катуу чаралар көрүлүүдө.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17