Аймак

БАТКЕН ОБЛУСУНДА БЫЙЫЛ ЭЛЕ 30ГА ЖАКЫН СОЦИАЛДЫК ОБЬЕКТ АЧЫЛДЫ

БАТКЕН ОБЛУСУНДА БЫЙЫЛ ЭЛЕ 30ГА ЖАКЫН СОЦИАЛДЫК ОБЬЕКТ АЧЫЛДЫ

 744 Бардыгы /

Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Ак-Сай айылындагы жаңы мектептин ачылыш аземине дагы катышты.

          Өлкө башчысынын маалымат кызматынан билдиришкендей, ошол эле маалда онлайн форматта Баткендеги 30 социалдык обьектинин ачылышы дагы жүрдү:

  • сегиз мектеп;
  • төрт бал бакча;
  • төрт ФАП;
  •  жалпы дарыгерлер борбору;
  • УКМК башкармалыгынын имараты;
  •  спорт зал;
  • музей;
  • он бир скважина;
  • эки тигүү цехи;
  • ирригациялык обөект;
  •  курулуш материалдарын чыгаруучу ишкана.

          Ошентип, Президент Садыр Жапаров Баткен облусун өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен жылына 500 миллион сом акча каражатын бөлүү каралгандыгын шардана кылды. Буга дейре 62 айыл чек арада өзгөчө макамга ээ болсо, ушул тапта булардын саны дээрлик 92чи чапчыды. Өзгөчө макам алышкан айылдардын тургундарына 2022-жылдын 1-мартынан тартып жөлөк пул алуучулардын үй-бүлөсүндөгү ар бир балага 1 миң сомдон кошумча төлөм төлөнөт. Чек арада туруктуу жашагандардын пенсиясына 2 миң сомдон кошулду.

          Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17