Аймак

САЛЫК КЫЗМАТЫНЫН ӨЗГӨНДӨГҮ БӨЛҮМ БАШЧЫСЫ ПАРА МЕНЕН КАРМАЛДЫ

САЛЫК КЫЗМАТЫНЫН ӨЗГӨНДӨГҮ БӨЛҮМ БАШЧЫСЫ ПАРА МЕНЕН КАРМАЛДЫ

 1,434 Бардыгы /

Ички иштер министрлиги Мамлекеттик салык кызматынын Өзгөн району боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы У. К. пара алууга шектелип кармалгандыгын шардана кылды.

Мааламытка караганда, шектүү саоык кызматкери 200 миң сом суммасындагы акча каражатын алып жаткан учурда 20-декабрда кармалды. Аны тинтүү маалында күрмөсүнүн чөнтөгүнөн пара катары алынган акчалар табылган. Ошондуктан, ага карата Кылмыш-Жаза Кодексинин 343-беренеси (“Опузалап пара алуу”) боюнча кылмыш иши козголду. ИИМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматта шектүү «Салык текшерүүнүн жыйынтыгын бурмалоо жана 700 миң сомдон ашык салык карызын жашыруу үчүн облус тургунунан акча талап кылгандыгы» баса белгиленген.

Ошентип, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери кызуу жүрүп жатат. Баса, өткөн аптада УКМК Кара-Суу базарын тейлеген салыкчыларды акча талап кылууга шек санап кармаган эле. Мунун алдында салык төлөөдөн качуу фактыларына байланыштуу Бишкектеги «Орто-Сай» жана «Дордой» базарларында салык чогултууга жооптуу кызматкерлер кармалышкандыгын маалымдаган.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17