Аймак

УКМК ЖАЛАЛ-АБАДДА УНААНЫ ЖАСАЛМА ТЕХНИКАЛЫК КАРООДОН ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА КОРРУПЦИЯЛЫК СХЕМАНЫ АШКЕРЕЛЕДИ

УКМК ЖАЛАЛ-АБАДДА УНААНЫ ЖАСАЛМА ТЕХНИКАЛЫК КАРООДОН ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА КОРРУПЦИЯЛЫК СХЕМАНЫ АШКЕРЕЛЕДИ

 855 Бардыгы /

          Жалал-Абад облусунда унааларды жасалма техникалык кароодон өткөрүү боюнча коррупциялык схема аныкталып, анын ишине акыры бөгөт коюлду. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен маалымдашты.

          УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 379-беренесинин 1-бөлүгүндө (документтерди жасалмалоо) боюнча каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, автотранспорт каражаттарынын ээлеринен жасалма техникалык кароодон өткөрүү үчүн каражаттарды системалуу түрдө алууда чагылдырылган туруктуу коррупциялык схеманын иши акыры токтотулду. Айтмакчы, оор жүк ташуучу унаалардын ээлери жана жеке жүк ташуучулар акчалай сыйлык үчүн «АвтоТехЭксперт» ЖЧКсынан жасалма түрдө диагностикалык картаны жана жылдык техникалык кароодон өткөнү үчүн талон алышкандыгы аныкталды. 2024-жылдын 18-январында ушул материалдын алкагында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык «АвтоТехЭксперт» ЖЧКсынын оператору Б.Р.Р. УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

          Белгилей кетчү жагдай: 2023-жылдын апрель айында УКМК Сузак районундагы жеке менчик ишканалар тарабынан ушундай эле мыйзам бузуу фактысы аныкталгандыгын, ошондой эле акчалай сыйлыкка жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспортторду ойдон чыгарылган техникалык кароодон өткөргөн. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде аталган ишкананын кызматкери Ч.М.М. кармалып, соттун чечими менен 110 миң сом айып пул салынган. Ушуга байланыштуу топтолгон материалдар лицензияны жокко чыгаруу үчүн Улуттук аккредитация борборуна өткөрүп берилди.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17