Аймак

КАРА-СУУДАГЫ ТӨЛӨМ ТЕРМИНАЛЫНДАГЫ 85 000 СОМ АКЧАНЫ УУРДООГО ШЕКТЕЛГЕН ЖАРАНДАР КАРМАЛЫШТЫ

КАРА-СУУДАГЫ ТӨЛӨМ ТЕРМИНАЛЫНДАГЫ 85 000 СОМ АКЧАНЫ УУРДООГО ШЕКТЕЛГЕН ЖАРАНДАР КАРМАЛЫШТЫ

 1,137 Бардыгы /

Өткөн жылдын 30-ноябрь күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө аталган районго караштуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн 1993-жылы туулган тургуну А. С. арыз менен кайрылган. Анда 2023-жылдын 29-ноябрдан 30-ноябрга караган түнү үйүнүн жанында жайланышкан дүкөнүнө белгисиз атуулдар дубалын бузуп киришип, товарларын жана “О” компаниясынын терминалын бузуп, ичиндеги 85000 сом акчасын дагы жашыруун уурдап кетишкендигинне даттанган.

          Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул факты дароо каттоого алынып, топтолгон материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө аракеттери башталган. Ошентип, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын негизинде Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 1987-жылы туулган А.Н. аттуу тургуну Бишкек шаарында изин жашырып качып жүргөн жеринен шектүү сыёары кармалып, дароо эле камакка алынды. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүүнүн дагы башка 2 кылмыштуу шериктери дагы бар экендиги жана алар Сокулук районундагы башка уурулук фактылары боюнча шектелип, камакка алынгандыгы билинди.

          Баса, терминалдагы 85 000 сомду уурдаганга шектүүлөр алдын ала сүйлөшүп алып, Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр айыл өкмөтүндөгү 2 дүкөнгө беймарал киришип, 2 акча салуучу терминалды жеринде бузушуп, ичиндеги акчаларды эптеп чыгарып алышып, кылмыштын изин жашыруу максатында видеобайкоо камералардын жазып туруучу түйүнүн (жесткий диск) чыгарып алышып, каналга ыргытып жиберишкен. Ушул тапта тергөө жараяны кызуу улантылууда.

          Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17