Аймак

ЧЕК АРАДА 1,5 МИЛЛИОН СОМДУК АТКЕЗЧИЛИК ЖҮКТӨРҮ КАРМАЛДЫ

ЧЕК АРАДА 1,5 МИЛЛИОН СОМДУК АТКЕЗЧИЛИК ЖҮКТӨРҮ КАРМАЛДЫ

 1,083 Бардыгы /

          Кыргыз Республикасынын УКМКга караштуу Мамлекеттик Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгынын маалыматына караганда, Кыргыз чек арачылары үстүбүздөгү жылдын 24-январында мамлекеттик чек арадан аткезчилик жүктү алып өтүү боюнча бир нече аракетке акыры бөгөт коюшту.

          Кыргыз Республикасынын Финансы Мминистрлигинин алдындагы МБК аймактык тарамынын кызматкерлери менен биргеликте Айдаркен чек ара отрядынын чек арачылары чоң күмөн жараткан VOLVO-500 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны токтотуп кармашып, анын дароо текшеришип, автоунаа айдоочусунда жүктү коштогон  жалган электрондук  документ болгондугун акыры аныкташты. 2004-жылы туулган А.у.А. аттуу Баткен облусунун Кадамжай районунун Арпа-Сай айылынын тургуну жасалма коштомо баракты пайдаланып 7 тонна жемиш өсүмдүгүн – анарды Өзбекстандан Кыргызстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет жасаган.

          Буга улай Кыргыз-Тажик чек ара тилкесинде Баткен облусунун Лейлек районундагы Мурас-Достук унаажолунда Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары Кыргызстандан Тажикстанга мыйзамсыз жүк алып өтүүгө аракет жасаган 1993-жылы туулган Г.М. аттуу  Лейлек районунун  Жаштык айылынын тургунун дагы кармашты. Ошентип, MERCEDES-BENZ үлгүсүндөгү автоунааны текшерүүдө чек ара кезмети 3500 кило “Миф” кир жуугуч порошогун табышты. Ал эми айдоочунун жанында алып бараткан жүгүнө тиешеси бар  документтер таптакыр болгон эмес.

          Кыскасы, алдын ала алынган маалыматтарга караганда, жогорудагы аткезчилик жүктөрүнүн – анарлардын жана кир жуугуч порошоктордун жалпы баасы болжол менен 1 500 000 сомду түзүп олтурат. Тиешелүү документтер толтурулган соң, аткезчилик жүктөрү жана кармалган жарандар андан аркы мыйзм чегинде териштирүү жана дагы катаал чара көрүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17