Аймак

КАРА-СУУДА МЫЙЗАМСЫЗ ТАМЕКИ ЧЫГАРГАН ЗАВОДДУН ИШИ ТОКТОТУЛДУ

КАРА-СУУДА МЫЙЗАМСЫЗ ТАМЕКИ ЧЫГАРГАН ЗАВОДДУН ИШИ ТОКТОТУЛДУ

 586 Бардыгы /

          Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда акциздик маркасы жок тамеки буюмдарын өндүрүү жана сатуу боюнча жашыруун заводдун ишмердүүлүгүнө акыры бөгөт коюлду. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

          Атайын кызматтан билдиришкендей, көрүлгөн чукул чаралардын натыйжасында гана аталган завод 2022-жылы курулуп, бүгүнкү күнгө чейин тымызын иштеп келгендиги аныкталды. Тамеки буюмдарын өндүрүү үчүн жабдыктар БАЭден алынып келинип, баасы 470 миң АКШ долларын түзгөн. Сырье (тамеки кагазы, фильтр,) жана тамекиге керектелүүчү башка компоненттер чет өлкөдөн ташылып келинген. Өндүрүлгөн акциздик маркалары жок тамеки буюмдары Кыргызстандын аймагында гана сатылып, а түгүл коңшу республикаларга дагы ташылып кетип турган.

          Тыкыр жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында аталган заводдун аймагында жана тамеки сакталган кампалардан, (тамеки кагазы, этикетка, фольга, лента, чыпка, ж.б.у.с), ошондой эле «Marlboro», «Platinum», «Asia», «Blue Sky» жана «WT» маркалары менен акциздик маркалары жок 97 куту тамеки (48 миң 500 кутудан ашык) тамеки үчүн компоненттердин ири көлөмү табылып алынды. Аныкталган каналдын уюштуруучуларынын бири болуп саналган О.В. аттуу чет элдик жаран дагы кармалып, дароо УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

          Ушул тапта мындай кыңыр ишке түздөн-түз катыштыгы, же тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча дагы ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17