Аймак

ИРИ СУММАДАГЫ АКЧА АЛЫП, ИЗИН ЖАШЫРГАН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

ИРИ СУММАДАГЫ АКЧА АЛЫП, ИЗИН ЖАШЫРГАН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

 1,147 Бардыгы /

ОШ. Кара-Сууда ири суммадагы акчасынан кол жууган жаран милицияга
кайрылган. Шектүү катары УКТ мүчөсү кармалды
.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы  билдиргендей, Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Шарк айыл аймагынын жаран 1963-жылы туулган Н.И. арыз менен кайрылган. Анда жабырлануучу 2023-жылдын 24-декабрь күнү Кара-Суу районунун аймагында өзүн “Султан” деп тааныштырган жаран “Корея өлкөсүнөн алынып келинген унаалардын иш кагаздарын бүтүрүп беремин”- деген шылтоо менен 9 000 (тогуз миң) АКШ долларын алып, изин жашырып кеткендигин билдирген.
Бул факты боюнча топтолгон материалдардын негизинде Кыргыз
Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен
кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө-амалдары башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү
катары мурда бири нече жолу сот жообуна тартылган, уюшкан кылмыштуу
топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин ыкчам каттоосунда турган,
жаран 1990-жылы туулган И.И. кармалып, камакка алынды.
  Учурда анын башка кылмыш иштерине тиешеси бардыгын аныктоо боюнча
ыкчам-издөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Уюшкан кылмыштулукка каршы
күрөшүү уланууда.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17