Аймак

ОШТО ДАРЫГЕРЛЕРДИ САБАГАН ДЕП ШЕКТЕЛГЕН ЖАРАН ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫГАРЫЛДЫ

ОШТО ДАРЫГЕРЛЕРДИ САБАГАН ДЕП ШЕКТЕЛГЕН ЖАРАН ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫГАРЫЛДЫ

 781 Бардыгы /

          Кыргызстандын Түштүк башкалаасында дарыгерлерди сабаган деп шектелип кармалган 33 жаштагы адам үй камагына чыккандыгы ачыкталды. Бул маалыматты Ош облустук сотунун басма сөз кызматы дагы ырастап, мындай токтомду Ош шаардык соту 6-февралда эле чыгаргандыгын кошумчалады.

          Дарыгерлерди токмоктогон жаран ушул жылдын 4-февралында укук коргоо органдары тарабынан кармалып, андан ары убактылуу кармоочу жайга дагы киргизилген. Анын үстүнөн жергиликтүү дарыгерлер арыз жазышып, ошого ылайык Кылмыш-Жаза Кодексинин “Бейбаштык” беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Ал эми токмоктолгон дарыгерлерге дароо соттук-медициналык экпертиза дагы дайындалган.

          Баса, 2024-жылдын 31-январында саат 23:00дөр чамасындаОш облустук Психиатрия жана наркология борборуна келген адам бул медициналык мекемеде иштегендерди ургандыгы тартылган видео жекшембиде социалдык тармактарда тараган. Ошол эле учурда ал абдан агрессивдүү кейипти  кийип, а түгүл медицина кызматкерлерине дагы кол көтөргөн.Айрым булактарда булу киши өзүн “Милиция кызматкеримин!” деп тааныштырганы дагы айтылган. Бирок, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бул киши азыр органда таптакыр иштебей тургандыгын, 2023-жылдын мартына чейин Ички аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөндүгүн гана билдирген.

          Адепки маалыматтарга караганда, шектүү окуядан бир күн мурун бир тууган агасын аталган жайга дарылоо үчүн жаткырган. Эртеси күнү «Бир тууганыма жакшы карабай жатасыңар!» деп, дарыгерлер менен өз ара жаңжалдашкан. Шектүүнүн жакындары менен адвокаты азырынча комментарий берише элек. Кыргызстанда дарыгерлер бейтаптардын туугандарынын ур-токмогуна кабылган окуялар буга чейин дагы катталган.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17