Аймак

БАТКЕН ОБЛУСУНДА ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН КАРЖЫЛОО ДОЛБООРУ БОЮНЧА 145,1 МИЛЛИОН СОМ ТАРАТЫЛДЫ

БАТКЕН ОБЛУСУНДА ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН КАРЖЫЛОО ДОЛБООРУ БОЮНЧА 145,1 МИЛЛИОН СОМ ТАРАТЫЛДЫ

 537 Бардыгы /

          Баткен облусун өнүктүрүү жана калкына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин тескемеси менен “Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо-2” долбоору бекитилген.

          Каржы министрлигинен билдиришкендей, аталган долбоордун максаты Баткен облусун андан ары ырааттуу өнүктүрүүнү толуккандуу камсыз кылуу, ишкердик субьекттерине жана жеке жактарга жеткиликтүү, ошондой эле жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү жолу менен мамлекеттик колдоо көрсөтүү. Бул долбоорду жүзөгө ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышып жатышат. Аларды кредиттөө көлөмү 350 миллион сомду түзүүдө.

          Ошентип, ушул күнгө карата “Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо-2”  долбоордун алкагында Баткен облусунун 162 ишкердик субьекттерине 145,1 миллион сом суммасында жеңилдетилген насыялар берилди.

          Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17