Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
517 Бардыгы / Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов парламенттин кезектеги жыйынында коңшу Тажикстандын аймагында Кыргызстандын жараны кармалып, а түгүл камакка дагы алынгандыгын жар салып, Кыргыз Өкмөтүнөн ага токтоосуз көмөктөшүүнү талап кылды. – Тажикстандын мурунку жараны, кийин Кыргызстандын жарандыгына татыган Кубатбек Юлдашев 2022-жылы Тажикстандын Исфара шаарындагы өз ата-энесинин үйүнө барган экен. Ошол жылы сентябрда уруш чыгып кеткен […]
518 Бардыгы / Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов парламенттин кезектеги жыйынында коңшу Тажикстандын аймагында Кыргызстандын жараны кармалып, а түгүл камакка дагы алынгандыгын жар салып, Кыргыз Өкмөтүнөн ага токтоосуз көмөктөшүүнү талап кылды. – Тажикстандын мурунку жараны, кийин Кыргызстандын жарандыгына татыган Кубатбек Юлдашев 2022-жылы Тажикстандын Исфара шаарындагы өз ата-энесинин үйүнө барган экен. Ошол жылы сентябрда уруш чыгып кеткен […]
КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ ТАЖИКСТАНДА ТЫҢЧЫЛЫККА ШЕКТЕЛИП КАРМАЛДЫ
11.03.2024 / Автор anarkan_kg519 Бардыгы /
Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов парламенттин кезектеги жыйынында коңшу Тажикстандын аймагында Кыргызстандын жараны кармалып, а түгүл камакка дагы алынгандыгын жар салып, Кыргыз Өкмөтүнөн ага токтоосуз көмөктөшүүнү талап кылды.
– Тажикстандын мурунку жараны, кийин Кыргызстандын жарандыгына татыган Кубатбек Юлдашев 2022-жылы Тажикстандын Исфара шаарындагы өз ата-энесинин үйүнө барган экен. Ошол жылы сентябрда уруш чыгып кеткен маалда Тажикстандын атайын кызматтары биздин жаранды «Тыңчысың» деп айыптап, кармап, 13 жылга камап коюшуптур. Азыр ал эки жылдан бери абакта жатат экен. Ал эч кандай тыңчылыкка тиешеси жок, болгону жөн гана курмандыкка чалынып кетти. Тышкы иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Акыйкатчы ага жардам берүү иштерин алып барышын өтүнөм»? — деп чырылдады парламентарий Султанбай Айжигитов.
Маалыматка караганда, Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитовко Тажикстанда кармалган кыргызстандыктын жакындары ага арыз менен кайрылышкан. Жогорку Кеңештин жыйынын алып барып жаткан спикердин орун басары Нурбек Сыдыгалиев бул боюнча тиешелүү органдарга протоколдук тапшырма берүүнү катуу тапшырды.
Айтмакчы. 2021-жылы Тажикстандын Согдий облусунда 39 кыргызстандык чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн соттолгон. Ал эми 2022-жылдын апрель айында Тажикстандын абактарында 13 кыргызстандык жаран түрдүү кылмыш иштери боюнча соттолуп, жазасын өтөп жаткандыгы кабарланган. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы алардын экөө өмүр бою эркинен ажыратылгандар экендигин билдирген. 2022-жылдын июль айында булардын арасынан 11 Кыргыз жараны тажик абагынан бошотулуп, Кыргызстанга кайтарылган. Алар Кыргызстандын аймагында кармалып, соттолгон 11 тажикстандыкка алмашылгандыгы кийинчерээк ачыкталган.
Баса, Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы толук такталбагандыктан, коңшулаш эки өлкө кесилишкен жерлерде мурда дагы чыр-чатактар орун алып турган. Эң ири жана көп курмандыктарга алып келген жаңжалдар 2021-жылдын апрель-майында жана 2022-жылдын сентябрында гана катталган. Биринчи ири жаңжалдан кийин Кыргызстан делимитациялоо жана демаркациялоо иштери толук аяктаганга чейин чек арасын бир тараптуу жапкан. Мунун аркасында чек араны тактоо иштери ыкчамдатылган.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg «УЛУТТУК ТАЗАЛЫК КҮНҮНӨ» КАРАТА МАССАЛЫК ИШЕМБИЛИК ӨТКӨРҮЛДҮ
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
17.09.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ИШЕМБИЛИК ӨТКӨРҮЛӨТ
-
12.10.2025 / Автор anarkan_kg “МАНАС” СТЕЛАСЫ АЧЫЛДЫ
-
-
26.12.2025 / Автор anarkan_kg IV ЭЛДИК КУРУЛТАЙ АЯКТАДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.