Аймак

ОШ ОБЛУСУ БЫЛТЫР РЕСПУБЛИКАЛЫК БЮДЖЕТТИН ЭСЕБИНЕН 148,6 МИЛЛИОН СОМ ӨЛЧӨМҮНДӨ КАРЖЫЛАНГАН

ОШ ОБЛУСУ БЫЛТЫР РЕСПУБЛИКАЛЫК БЮДЖЕТТИН ЭСЕБИНЕН 148,6 МИЛЛИОН СОМ ӨЛЧӨМҮНДӨ КАРЖЫЛАНГАН

 525 Бардыгы /

Ош облусу боюнча өткөн жылдын 12 айынын аралыгында  республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 148,6 миллион сом өлчөмүндө каржыланган.

          Республикабыздын Каржы министрлигинен маалымдашкандай, булардын арасынан:

  • теңдөөчү трансферт – 129,6 миллион сом;
  • айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 11,3 миллион сом;
  • электрэнергия болгон 50 пайыз компенсациясына – 7,7 миллион сом;

          Булардан тышкары Ош облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен – 51,4 м миллион сом бөлүнүп берилди. Жалпысынан аталган аймакты каржыланган сумма 200 миллион сомду түздү.

          Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы  

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17