Аймак

КАДАМЖАЙДА 8 ЖЫЛ МУРУН ЖОГОЛГОН ЖАРАН ЭМИ ГАНА ИЗДЕЛҮҮДӨ

КАДАМЖАЙДА 8 ЖЫЛ МУРУН ЖОГОЛГОН ЖАРАН ЭМИ ГАНА ИЗДЕЛҮҮДӨ

 711 Бардыгы /

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда 8 жыл мурда жоголгон жаран эми гана изделүүдө. Бул туурасында Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

          Маалыматка караганда, Кадамжай районунун Жеңиш (мурдагы Халмион) айылынын 1956-жылы туулган тургуну Орозбай Сапаров 2016-жылдын июнь айларында өзү жашаган үйүнөн чыккан бойдон кайра түнөгүнө кайрылып барган эмес. Бул факты Кадамжай РИИБсинде дагы катталып, ага карата 2016-жылы эле издөө иштери ачылган.

          Орозбай Сапаровдун дене түзүлүшү арыкчырай, көздөрү кара, бою 170-175см., психикалык жактан эч жабыркабайт. Өзгөчө белгилери: оң кашынын үстү жагында 1-1,5см өлчөмүндө тырыгы бар.

          Ошондуктан, жогорудагылардын негизинде, дайынсыз жоголгон 68 жаштагы Орозбай Сапаровдун жүргөн жерин так аныктоо максатында коомчулукка кабарлап, эгерде аталган факт боюнча кандайдыр бир маалымат болсо төмөндөгү телефондорго сөзсүз билдирип коюуӊуздарды суранабыз: 102, 03655 5-02-29, 0701026968.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17