Аймак

МАМЛЕКЕТТЕР АРАЛЫК ИЗДӨӨДӨ ЖҮРГӨН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

МАМЛЕКЕТТЕР АРАЛЫК ИЗДӨӨДӨ ЖҮРГӨН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

 669 Бардыгы /

Бишкек шаарынын аймагында милиция кызматкерлери тарабынан мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 2023-жылдын февраль айынан тартып Россия Федерациясынын укук коргоо
органдары Ф,Т. атуу жаранды Кылмыш-жаза Кодексинин 322 –беренеси
(Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз өтүү) боюнча издөө жарыялаган.
Бишкек шаарынын аймагынан өңүнөн таануу системасы менен коомдук жайларда
орнотулган сырткы видео байкоо камералары анын издөөдө экенин аныктаган.
18-март 2024-жылы милиция кызматкерлери Ф.Т. аттуу жаранды кармап,
тиешелүү кызматтарга өткөрүп беришти.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17