Аймак

ТИМ МОСКВАДА КАРМАЛГАН АДАМ ОН ЖЫЛ МУРДА КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАРАНДЫГЫНАН ЧЫККАНЫН БИЛДИРДИ

ТИМ МОСКВАДА КАРМАЛГАН АДАМ ОН ЖЫЛ МУРДА КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАРАНДЫГЫНАН ЧЫККАНЫН БИЛДИРДИ

 198 Бардыгы /

Тышкы иштер министрлиги Москвадагы “Крокус Сити Холлдогу” кол салууга шектелип кармалгандар менен байланышы бар деп кармалган адамдын кыргызстандык экени тууралуу кабарларга байланыштуу билдирүү таратты.

Мекеменин маалыматына караганда, кыргызстандык Алишер Касимов 2014-жылы президенттин жарлыгы менен Кыргыз Руспубликасынын жарандыгынан чыккан.

ТИМ ушуга байланыштуу анын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселелери Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жана консулдук мекемелеринин компетенциясына кирбей турганын белгилеген.

Орусиядагы бир катар маалымат каражаттары Москвадагы кол салууга шектүүлөргө байланышы бар деген негизде кармалган сегизинчи киши кыргызстандык экенин жазышкан.

Маалыматка караганда, 32 жаштагы Алишер Касимов кол салууга шек саналып кармалгандардын бири Шамсиддин Фаридунга батирин ижарага берген болушу мүмкүн.

Касимов – теги кыргызстандык Орусиянын жараны. Ал Красногорск шаарында турат, үч баласы бар. Бир тууганы менен чайкана иштетет. Сотто Касимов Фаридундун террорчулукка байланышы бар экенин билбегенин, батирин “Авито” сервиси аркылуу ижарага берип жүргөнүн айтты.

24-марттын кечинде Басман райондук соту терактты ишке ашырууга шек саналган төрт кишини эки айга камакка алган. 25-мартта дагы үч шектүү кармалган. Алар: кол салууга шектүүлөр колдонгон “Рено” автоунаасынын акыркы ээси Диловар Исломов, анын атасы жана бир тууганы.

Исломов машинесин аялынын агасына сатып жибергенин, кийин аны шектүүлөр колдонгонун билгенде таң калганын айткан.

Акыркы маалыматка ылайык, 22-марттын кечиндеги кандуу калабада каза болгон 139 кишинин 70ке жакынынын тек-жайы такталды.

Урандыларды тазалоо, жоголгондорду издөө иштери уланып жатат.

Федералдык коопсуздук кызматы кандуу окуяга шек саналган 11 киши кармалганын, алардын төртөө “террордук актыны ишке ашырууга түздөн-түз катышканын” маалымдаган.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17