Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
181 Бардыгы / Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, камактагы Адахан Мадумаров өзүнө карата чыккан сот чечими мыйзамсыз болгонун билдирип, “жапайычылык” деп атады. “Мына прокурор айтып жатат мыйзамсыз деп. Бирок, Мадумаровду күнөөлүү деп таап берсеңер деп жалдырап отурганы – жапайычылык. Ошол Жогорку Кеңешке жеткирбей, барбай калса дешти. Муну түбү жакшы эмес. Чындык ийилет бирок сынбайт […]
182 Бардыгы / Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, камактагы Адахан Мадумаров өзүнө карата чыккан сот чечими мыйзамсыз болгонун билдирип, “жапайычылык” деп атады. “Мына прокурор айтып жатат мыйзамсыз деп. Бирок, Мадумаровду күнөөлүү деп таап берсеңер деп жалдырап отурганы – жапайычылык. Ошол Жогорку Кеңешке жеткирбей, барбай калса дешти. Муну түбү жакшы эмес. Чындык ийилет бирок сынбайт […]
АДАХАН МАДУМАРОВГО СОТ ЧЕЧИМИ ЧЫКТЫ
27.03.2024 / Автор anarkan_kg183 Бардыгы /
Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, камактагы Адахан Мадумаров өзүнө карата чыккан сот чечими мыйзамсыз болгонун билдирип, “жапайычылык” деп атады.
“Мына прокурор айтып жатат мыйзамсыз деп. Бирок, Мадумаровду күнөөлүү деп таап берсеңер деп жалдырап отурганы – жапайычылык. Ошол Жогорку Кеңешке жеткирбей, барбай калса дешти. Муну түбү жакшы эмес. Чындык ийилет бирок сынбайт дейт. Мен айттым, чындык ийилбейт дагы, сынбайт дагы”, – деди Мадумаров.
Бүгүн, 26-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Мадумаровго чечим чыкты.
“Күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерилген жок. Чечим мыйзамдуу күчүнө киргичекти абакта калтырышты”, – деди анын жактоочуларынын бири Юлия Богданова.
19-марттагы соттук отурумда тараптардын жарыш сөзү башталган. Прокурор соттон Мадумаровду коюлган айып боюнча күнөөлүү деп таап, бирок кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткендиктен ишти кыскартууну суранганын адвокаты Кубанычбек Туманов билдирген. Мамлекеттик айыптоочулар азырынча комментарий берген эмес.
Мадумаровго эки кылмыш иши козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилген.
Биринчиси – Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылууда. Президент Садыр Жапаров буга чейинки маектеринде ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талашы жаралып жатканын билдирген. Мадумаров ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айтып келет.
Экинчиси – Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кине коюлган. Бул ишке байланыштуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаев да шек саналып жатат.
Мадумаровду 2023-жылы 2-сентябрда кармалган. Ошондон бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайында жатат. Ал өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, мунун баарын саясий куугунтук деп сыпаттаган.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТУК МИЛИЦИОНЕР ЗАМАТТА ҮЧ БАЛАГА АТА БОЛДУ
-
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨН РАЙОНУН КОРС-ЭТТИ АЙЫЛЫН ДАГЫ СЕЛ КАПТАДЫ
-
-
09.05.2023 / Автор anarkan_kg «КЕРБЕН» АБА МАЙДАНЫ ОҢДОЛОТ
-
30.05.2023 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ ЖАПАРОВ БАКИЕВ КЕЛСЕ, КАМАККА АЛЫНЫШЫ КЕРЕКТИГИН БИЛДИРДИ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.