Аймак

ЖАЛАЛ-АБАДДА 133 МЛН. СОМГО ТАШТАНДЫ ИРГЕГЕН ЗАВОД КУРУЛУУДА

ЖАЛАЛ-АБАДДА 133 МЛН. СОМГО ТАШТАНДЫ ИРГЕГЕН ЗАВОД КУРУЛУУДА

 366 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абадда таштандыларды иргеп, кайра иштетүүгө даярдоочу завод курулууда.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей, ишкана былтыр калааны өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебинен салынууда.

Тагыраагы, заводго 133 млн. сом сарпталат. Курулуш иштери ушул жылдын июль айында аяктайт деп күтүлүүдө. Анын алкагында шаардан чыккан ар кандай таштандылар өз-өзүнчө иргелип, кайра иштетүүгө даярдалат. Ал эми кайра иштетүүгө даярдалган сырьедон турмуш-тиричилик жана курулуш каражаттарын өндүрүү жолго коюлат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17