Аймак

АКСЫ РАЙОНУНДА МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫ МУШТАШЫП, 18 ЖАШТАГЫ БАЛА КАЗА ТАПТЫ

АКСЫ РАЙОНУНДА МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫ МУШТАШЫП, 18 ЖАШТАГЫ БАЛА КАЗА ТАПТЫ

 576 Бардыгы /

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда 9-11-класстын окуучулары чач тарачтагы кезек үчүн мушташып кетишкен. Маалыматты  Жалал–Абад облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, Кош-Дөбө айылынын 18 жаштагы тургуну бычактан жаракат алып, ооруканага түшкөн. Ошентип мушташ учурунда жогорку класстын окуучусу өзүнөн кичүү баланы урган. Ал 11-класстын окуучусун башына жана бутуна бычак менен сайып жиберген. Алган жараатынан улам 18 жаштагы окуучу ооруканада көз жумду.

Ушул тапта окуянын негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө кызуу улантылууда.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы  

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17