Аймак

БАТКЕНДЕ МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАНЫН ДИРЕКТОРУ КЫЗМАТ АБАЛЫНАН ПАЙДАЛАНУУГА ШЕКТЕЛИП КАРМАЛДЫ

БАТКЕНДЕ МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАНЫН ДИРЕКТОРУ КЫЗМАТ АБАЛЫНАН ПАЙДАЛАНУУГА ШЕКТЕЛИП КАРМАЛДЫ

 585 Бардыгы /

Баткен облусунда мамлекеттик каражаттарды өзүнө ыйгарып алгандыгы үчүн муниципалдык ишкананын директору кармалды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ИИМдин түштүк аймакты көзөмөлдөгөн кызматкерлери Баткен облусунун Кадамжай районундагы муниципалдык ишканалардын биринин директорун кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен кармашты. Тергөөнүн адепки маалыматы боюнча, 1982-жылы туулган А.А. аттуу жаран аталган райондун муниципалдык ишканасынын директору болуп иштеп, банктагы жеке кызыкчылыгынан пайда табуу максатында ишкананын эсебинде субсидия катары түшкөн бир миллион сомду алып, акчанын бир бөлүгүнө «Мерседес-Бенц Спринтер» автомашинасын сатып алып, аны өз атына каттатып, калган акча каражатын өзүнө ыйгарып алган.

Аталган фактыныны негизинде Кадамжай РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, ушул тапта иликтөө жараяны кызыды.  Тергөө учурунда 1982-жылы туулган А.А. аттуу жаран шектүү катары кармалып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен камакка алынды.Кылмыш иши боюнча тергөө иштери кызуу улантылууда.Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17