Аймак

КЫЗМАТТЫК ЖАСАЛМАЧЫЛЫК МЕНЕН КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ КАРАТА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ

КЫЗМАТТЫК ЖАСАЛМАЧЫЛЫК  МЕНЕН  КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ КАРАТА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ

 582 Бардыгы /

ОШ. Социалдык жардамга муктаж болбогон жарандарга жөлөкпул чегерген кызматкерлерге карата кылмыш иши козголду.

КРдин Башкы прокуратурасы билдиргендей, Ош областынын прокуратурасы тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык жардам көрсөтүү боюнча мыйзамдардын аткарылышына карата текшерүү жүргүзүүдө Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн социалдык жардам көрсөтүү комиссиясынын мүчөлөрү жана Кара-Суу райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери 2022-2023-жылдары кызматтык абалдарын кыянаттык менен пайдаланышып, ченемдик укуктук актынын талаптарын бузуу менен социалдык жардам алууга иш жүзүндө муктаж болушпаган 15 жаранга социалдык контракттын негизинде жардам катары 1 млн 500 миң сомдук акча каражат мыйзамсыз берилгендиги аныкталган.

Ошондой эле аталган райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери “16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандардын “үй-бүлөгө көмөк” – ай сайын жөлөкпул алууга жарандардын муктаждыгын аныктоо тартиби жөнүндө” жобонун талаптарын бузуу менен иш жүзүндө муктаж эмес 23 жаранга 462 миң 500 сомдук үй-бүлөгө көмөк жөлөкпулдары мыйзамсыз чегерилип, жогорудагы мыйзамсыз аракеттерден улам мамлекетке жалпы 1 млн 962 миң 500 сомдук зыян келтирилген.

Аталган факт боюнча Ош областынын прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн Кара-Суу РИИБ ТКка тапшырылды.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17