Аймак

ОШ ШААРЫНЫН КАРАМАГЫНА ӨТКӨРҮЛГӨН АЙЫЛДАРДА “ТЕЗ ЖАРДАМ” БЕКЕР АЧЫЛАТ

ОШ ШААРЫНЫН КАРАМАГЫНА ӨТКӨРҮЛГӨН АЙЫЛДАРДА “ТЕЗ ЖАРДАМ” БЕКЕР АЧЫЛАТ

 300 Бардыгы /

        Ош шаардык “Тез жардам” медициналык борбору мурун Ош шаардык клиникалык ооруканасына гана карачу. 1974-жылдан тартып ал өзүнчө борбор сыңары иштеп келатат.

  • Бизде өзү 52 бригада иштечү. Административдик-аймактык

реформага ылайык Кара-Суу районунун Төлөйкөн жана Кыкызыл-Кыштак айыл өкмөттөрү Ош шаарынын карамагына кошулгандыктан, ушул жылдын 1-апрелинен тартып 64 бригадага көбөйттүк. – деди Ош шаардык “Тез жардам” медициналык борборунун директору Мирболот Султанов. – Ошого жараша биздин тейлөө аймагыбыз дагы кеңейди. Түйшүгүбүз ого бетер көбөйдү. Мурун бейтаптарга барганда, картаны колго жазып толтурсак, а азыр бүтүндөй электрондук форматка өттүк.

        Ош шаардык “Тез жардам” медициналык борборунда жалпы жонунан 180 кызматкер эмгектенет. Адистер үч нөөмөттө тынымсыз иштешет. Көчмө бригада курамында дасыккан дарыгерлер жанадагы  фельдшерлер бар.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17