Аймак

ОШТОГУ ООРУКАНАДА КҮН САЙЫН 300 ЧАКТЫ АНАЛИЗ ЖАСАЛАТ

ОШТОГУ ООРУКАНАДА КҮН САЙЫН 300 ЧАКТЫ АНАЛИЗ ЖАСАЛАТ

 303 Бардыгы /

        Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында күн сайын 300  чакты анализ жасалат. Бул туурасында аталган оорукананын лаборатория бөлүмүнүн башчысы Бермет Жусупова ачыктады.

  • Ооруканабыздын клиникалык-диагностикалык

лабораториясында биохимиялык, клиникалык жана дагы иммунологиялык анализдер чыгарылып турат, – деп кошумчалады Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын лаборатория бөлүмүнүн башчысы Бермет Жусупов. – Мындан тышкары бактерилогиялык  лабораториябыз биздин ооруканабызда өзүнчө бөлүм сыңары эсептелет. Ошондой эле ооруканабызга караштуу төрөт стационарында дагы өзүнүн  заманбап лабораториясы бар.

        Айтмакчы, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын экспресс- лабораториясы күнү-түнү иштейт. Ал абдан оор акыбалда келишкен бейтаптарды дагы күттүрбөстөн дароо текшерип, анализдерди ыкчам чыгарат.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17