Аймак

ОШТО СЕЛ ЖҮРГӨН АЙМАКТАРДА САНИТАРДЫК ТАЗАЛОО ЖАРАЯНЫ КҮЧӨТҮЛДҮ

ОШТО СЕЛ ЖҮРГӨН АЙМАКТАРДА САНИТАРДЫК ТАЗАЛОО ЖАРАЯНЫ КҮЧӨТҮЛДҮ

 435 Бардыгы /

Ош шаарынын аймагында селден жабыркаган аймактарда санитардык тазалоо боюнча ар тараптуу иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул туурасында мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, сенитардык тазалоо иштери Ош шаары жана Ош облусу боюнча мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери тарабынан аткарылып жаткан чагы. Аталган борбор жашаган жеринде сел жүргөн бардык жарандарды мүмкүн болуучу коркунучтардан эскертип, жакындарынын ден соолугуна этият болууга, анан дагы адистердин көрсөтмөлөрүн так аткарууга үндөп келатат.

Белгилей кетчү жагдай: акыркы күндөрдө нөшөп төккөн жаан-чачындын кесепетинен Ош облусунун бир катар аймактарында катарынан сел жүрүп, Аймаккка өзгөчө кырдаал режими киргилизген эле. Кырсыктын кесепетинен бир адам каза тапкан.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17