Аймак

ОШ ОБЛУСУНДА 786 ТУРАК ЖАЙ, 9 СОЦОБЬЕКТ СЕЛДЕН ТАЗАЛАНДЫ

ОШ ОБЛУСУНДА 786 ТУРАК ЖАЙ, 9 СОЦОБЬЕКТ СЕЛДЕН ТАЗАЛАНДЫ

 420 Бардыгы /

Ушул күнгө карата Ош облусунда 786 турак жай, 9 соцобөект сел сууларынан биротоло тазаланды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош облусу боюнча жалпысынан 983 үйдүн, 9 социалдык обьекттин бөлмөлөрүнө, жертөлөсүнө жана дагы короолоруна сел суулары кирген. Ушул тапта булардын 786 турак жайынын, бардык социалдык мекемелердин короосу, жертөлөсү сел калдыктарынан тазаланды. Калган 197 үйдүн короо-сарайларында тазалоо иштери дагыле улантылууда. Баса, Ош облусунун аймагында райондук Жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан материалдык чыгымдар такташтырылууда.

Жалпысынан Ош облусу боюнча селдин кесепеттерин калыбына келтирүү иштерине 579 жаран, 46 инженердик техника тартылды. Белгилей кетчү жагдай: Ош облусуна табигый кырдаалдын кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү максатында, облус аймагына өзгөчө кырдаалдар режими киргизилген.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17