Аймак

НАРЫНДА ЭКСТРЕМИЗМДИ ЖАНА ТЕРРОРИЗМДИ АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ЭКИ КҮНДҮК СЕМИНАР БАШТАЛДЫ

НАРЫНДА ЭКСТРЕМИЗМДИ ЖАНА ТЕРРОРИЗМДИ АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ЭКИ КҮНДҮК СЕМИНАР БАШТАЛДЫ

 165 Бардыгы /

НАРЫН. Бүгүн, 29-апрелде Нарын облусунда милиция кызматкерлерине, облустук имамдарга жана айыл өкмөттүн кызматкерлерине экстремизмди жана терроризмди алдын алуу боюнча эки күндүк семинар өткөрүлө баштады.
ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, семинарда Кыргыз Республикасынын “Экстремисттик ишмердүүлүккө каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамынын айрым жоболорун киргизүү жана 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын, 2023-2027-жылдарга Кыргыз РеспубликасынынМинистрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу маселелери талкууланат.
Бул иш-чара ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аркеттенүү боюнча кызматынын демилгеси менен өтүп жатат. Семинарда ИИМдин кызматкерлери Самат Осмонов, Ратбек Турусбеков, теолог Муназбек Зарлыков, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Нарын облусу боюнча өкүлү Алмаз Максутов тренер катары чыгышып, милиция кызматкерлерине
экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө азыркы мыйзамдардын абалын, салттуу Ислам баалулуктарын жана экстремисттик жана террордук уюмдардын идеологиясын, бул багыттагы мамлекеттик программалардын аткарылышын, облус аймагындагы күч түзүмдөрү ортосунда терроризмге,
экстремизмге каршы аракеттенүүдөгү кызматташуунун негизги багыттарын, коомчулук арасында экстремизмди, радикализмди алдын алуу иш-чараларын жакшыртуунун жолдорун айтып беришти.
Семинарды өткөрүү учурунда катышуучулар тарабынан берилген суроолорго эксперттер тарабынан жооптор бериле, ошондой эле, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан даярдалган диний экстремизмдин алдын алуу темалары боюнча усулдук китепчелер, буклеттер талатылат.
Бул иш-чараны Кыргызстандын бардык регионунда өткөрүү мерчемделүүдө.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17