Аймак

ӨЛКӨ АЙМАГЫНДА БИР ЖУМА ИЧИНДЕ 22 534 ЖОЛ ЭРЕЖЕЛЕРИН БУЗУУ ФАКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ

ӨЛКӨ АЙМАГЫНДА БИР ЖУМА ИЧИНДЕ 22 534  ЖОЛ ЭРЕЖЕЛЕРИН БУЗУУ ФАКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ

 240 Бардыгы /

ЖКККББ: Алдын ала маалымат боюнча өлкө аймагында бир жума ичинде

22 534  жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

ЖКККББнын басма сөз кызматы билдиргендей, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2024-жылдын 22-Апрелден  тартып, 28-Апрелге чейин, алдын ала маалымат боюнча 22 534 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

 Алардын ичинен:

 -Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-347;

-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -269;

-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-77;

-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-890;

-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-3 221;

-Авто ээнбаштык – 4;

-Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 4 507;

-Жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу – 7;

-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –11 370

 Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1842 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

 КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17