Аймак

ӨЗГӨН РАЙОНДУК СОТУНУН КЫЗМАТКЕРИ АЛДАМЧЫЛЫК ФАКТЫСЫ БОЮНЧА КАМАЛДЫ

ӨЗГӨН РАЙОНДУК СОТУНУН КЫЗМАТКЕРИ АЛДАМЧЫЛЫК ФАКТЫСЫ БОЮНЧА КАМАЛДЫ

 732 Бардыгы /

        Ош облусуна караштуу Өзгөн райондук сотунун кызматкери алдамчылык фактысы боюнча кармалды. Бул туурасында УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Өзгөн райондук сотунун административдик-чарба бөлүмүнүн кызматкери И.Т.З. жарандык иш боюнча мүлктүк талашты оң жагына чечүүгө көмөк көрсөтүү максатында 2 миң доллары талап кылган. Ушул жылдын 24-апрелинде И.Т.З. кармалып, анын унаасын жана үйүн тинтүү маалында арыз ээси тарабынан мурда берилген 150 миң сом табылды. И.Т.З. Өзгөн райондук сотунун кызматкери катары сотто каралып жаткан жарандык, кылмыш иштерине тиешелүү айрым маселелерди чечүү боюнча «ортомчулук» кызматты көрсөткөнү акыры ашкереленди.

Ошентип, келип түшкөн маалыматтар сот адилеттигине жатпаган чечимдерди чыгарууга жол бербөө үчүн акыйкатты издеген жарандар өздөрүнүн мыйзамдуу укуктарын коргоо үчүн ар кандай ыкмаларды издөөгө аргасыз болгондугун гана айгинелейт. Мындай учурда сот кызматкерлеринин, адвокаттардын, ошондой эле ар кандай шектүү адамдардын арасынан ортомчулар пайдаланып, жарандардын көйгөйлөрүнөн алдамчылык жол менен акча табышат.

Ошондуктан, УКМК соттук чечимдеринин жыйынтыгына таасир этүүгө убада берген ар кандай адамдарга байланышпастан, компетенттүү органдарга арыз менен кайрылууну гана катуу өтүнөт.     

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17