Аймак

ЛЕЙЛЕКТЕ ЖОГОЛГОН АКЧА ЭЭСИНЕ КАЙТАРЫЛДЫ

ЛЕЙЛЕКТЕ ЖОГОЛГОН АКЧА ЭЭСИНЕ КАЙТАРЫЛДЫ

 534 Бардыгы /

        Баткен облусунун Лейлек районунда жоголгон акча жергиликтүү милиция тарабынан дароо табылып, андан ары ээсине гана кайтарылды.

        Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда. Лейлек РИИБсынын Айматык өкүлүнө жолдун четинде сумка жаткандыгы туурасында маалымат түшкөн. Ал дароо жетип барып тинткенде, сумканын ичинен 61 миң 800 сом табылган. Опер кызматкер сураштырып олтуруп, акыры сумканын ээсси Раззаков шаарынын тургуну экендигин биротоло аныктаган.

        Баса, аял Ош шаарына шашылып жатып, жолдо сумкасын түшүрүп алган экен. Ошентип, жоголгон акча ээсине дароо тапшырылды. Ал эми акчанын ээси Лейлек РИИБсынын Айматык өкүлүнө терең ыраазычылыгын гана билдирди.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17