Аймак

ЖККУнун БАШКАТЧЫСЫ ИМАНГАЛИ ТАСМАГАМБЕТОВ: «БАТЫШ ӨЛКӨЛӨРҮ ӨЗДӨРҮНҮН ЧАЛГЫНДОО ИНФРАТҮЗҮМДӨРҮН ЭМИ ЭЛЧИЛИКТЕРИНЕ ЖАЙЛАНЫШТЫРУУДА»

ЖККУнун БАШКАТЧЫСЫ ИМАНГАЛИ ТАСМАГАМБЕТОВ: «БАТЫШ ӨЛКӨЛӨРҮ ӨЗДӨРҮНҮН ЧАЛГЫНДОО ИНФРАТҮЗҮМДӨРҮН ЭМИ ЭЛЧИЛИКТЕРИНЕ ЖАЙЛАНЫШТЫРУУДА»

 495 Бардыгы /

Соңку сааттарда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУнун) Баш катчысы Имангали Тасмагамбетов «Батыш өлкөлөрү өздөрүнүн чалгындоо инфратүзүмдөрүн Элчиликтерине гана жайланыштырууда» деп жар салды. Бул туурасында ал коопсуздк тармагын тейлеген Өкүлдөрдүн Эл аралык XII пленардык межилисинде шардана кылды.

– Анткени, бардык Батыш өлкөлөрү дипломаттык Өкүлчүлүктөрүндөгү бардык инфратүзүмдөрдү ого бетер жаңылап, заманбап жабдыктарды катарынан гана орнотууда. Ошентип, булар ал жабдыктарда деструктивдүү контенттерди жайылтууга абдан кызыкдар! – деп агынан жарылды ЖККУнун Баш катчысы Имангали Тасмагамбетов.

        Баса, ЖККУнун Баш катчысы Имангали Тасмагамбетовдун бул расмий билдирүүсүнө бир дагы Батыш өлкөсү реакция жасап, өз позициясын азырынча ачык билдире элек…

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17