Аймак

БАӉГИ ЗАТ МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

БАӉГИ ЗАТ МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

 882 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаарындагы эс алуу парктарынын биринде баӊги зат менен алектенген жаран кармалды.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын (ЭММКАК) кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад шаарынын аймагында “Б” аттуу жаран баӊги зат каражаттарын  мыйзамсыз колдонуп, даярдап жана сатуу максатында кардар издеп жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалыматтар алынган.

Аталган маалымат Жалал-Абад ОИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын КЖКнын 283-беренеси (Баӊгизатты мыйзамсыз сактоо жана аны жүгүртүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон. 

Кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад ОИИБдин ЭММКАК кызматкерлери тарабынан атайын ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, натыйжада  Сузак районунун 36 жаштагы тургуну К.Б. өзүнүн “М Банк” тиркемесине кардардан баӊги заты үчүн акча котортуп, андан соӊ өзү иштеп жаткан Жалал-Абад шаарынын эс алуу парктарынын биринде балмуздак сатуучу жайында баӊги затты  даярдап жана сатып  жүргөндүгү такталып, шектүү К.Б. кылмыш үстүндө кармалган. Ошондой эле кечиктирилгис түрдө балмуздак сатуучу жайына тинтүү жүргүзүлүп, муздаткычтардын  биринде  өзгөчө кескин жыты бар кара күрөң түстөгү “гашиш” баӊги затына окшогон зат жана баӊгизатын колдонуу үчүн атайын жасалган желим идиштер табылып, далил-буюм катарында алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Дайындалган соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык алынган  заттар “гашиш” баӊги заты экендиги аныкталган. 

Жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары Сузак  районунун тургуну 1988-жылы туулган К.Б.нын баш коргоо чарасы Жалал-Абад шаардык сотунда каралып, 2 (эки) айлык мөөнөткө камака алынган.

Учурда бул кылмыш ишине тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча да  кошумча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.   

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17