Аймак

МАЛ УУРУЛУК МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН “КАПИТАН” КАРМАЛДЫ

МАЛ УУРУЛУК МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН “КАПИТАН” КАРМАЛДЫ

 1,335 Бардыгы /

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 2024-жылдын  25-апрелинен 3-майга чейинки аралыкта Токтогул районунун аймагында беш факты мал уурулук учурлары орун алып, ал боюнча топтолгон материалдар РИИБдин  КБРне катталып, тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 205*1–беренесинин (мал уурулук) негизинде кылмыш иштери козголуп, тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилген.

Тергөөнүн жүрүшүӊдө жалпысынан бул мал уурулук фактыларынын натыйжасында 5 баш уй, 1 баш жылкы уурдалып, жабырлануучуларга – 300 000 (үч жүз ) миӊ сомдук материалдык чыгым келтирилгендиги такталган. 

Токтогул милициясы тарабынан жүргүзүлгөн тиешелүү ыкчам иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында, Токтогул районунун Өзгөрүш айылынан өзүн “Бишкек шаарынын 1-Май райондук милициясында иштейм” деп элдердин ишеничине кирип,  милициянын формасын кийип жана ок атуучу куралы менен жүргөн жеринен шектүү катары Токтогул районунун 1994-ж.т. тургуну А.У. кармалып тергөө кызматына камсыздалган.

Кылмыш ишинин алкагында 04.05.2024-ж. шектүү Токтогул районунун тургуну А.У. КРнын КЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалып, Токтогул РИИБдин УКЖна киргизилген.

Кечээ 06.05.2024-жылы шектүү А.У. баш коргоо чарасы Токтогул райондук соту тарабынан каралып, 1 айлык мөөнөткө камакка алуу түрү тандалган. 

Учурда бул кылмыш иштери боюнча тергөө амалдары улантылууда.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17