Аймак

ОШТО «ТЕЗ ЖАРДАМ» АВТОУНААЛАРЫНА ЖОЛ БОШОТПОГОН АЙДООЧУЛАРГА АЙЫП САЛЫНДЫ

ОШТО «ТЕЗ ЖАРДАМ» АВТОУНААЛАРЫНА ЖОЛ БОШОТПОГОН АЙДООЧУЛАРГА АЙЫП САЛЫНДЫ

 381 Бардыгы /

Соңку күндөрдө Ош шаарында «Маяк» аталышындагы рейд өткөрүлдү. Бул туурасында Ички иштер министрлигине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка карганда, аталган рейддин учурунда тез жардам, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Ички иштер министрлигинин шашылыш түрдө атайын үн коштоочу маяктар менен бара жатышкан кызматтык унааларына башка катардагы унаалардын айдоочулары жол бошотуп берүүсү текшерилди. Ошентип, бул рейддин алкагында тез жардам унааларына жол бошотпой койгон 78 учур катталып, унаалардын айдоочуларына 78 миң сом айып пул салынды.

Белгилей кетчү жагдай: акыркы эки күн аралагында  жалпысынан 2 миң 356 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.

Алишер ТОСКОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17