Аймак

КАДАМЖАЙЛЫКТАРДЫН 66,8 МИҢ ДОЛЛАРЫН АЛДАГАН АЯЛ КАРМАЛДЫ

КАДАМЖАЙЛЫКТАРДЫН 66,8 МИҢ ДОЛЛАРЫН АЛДАГАН АЯЛ КАРМАЛДЫ

 1,683 Бардыгы /

Баткен облусундагы Кадамжай районунун тургундарын «Англияга ишке жөнөтөм!» деп 66,8 миң долларга алдап кеткен аял акыры кармалды. Бул туурасында Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Милицияга 1983-жылы туулган С.Ы. кайрылып, чет өлкөгө жакшы маяналуу ишке жөнөтүү шылтоосу менен анын жана башка адамдардын ишенимине бат кирип, материалдык чыгымга учураткан жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган. Тактап айтканда, шектүү Т.Ч. жабырлануучу С.Ы. аркылуу Кадамжай районунан жалпы 47 кишиден «Виза ачып беремин!» деп ар биринен 1400 доллардан акчасын алгандан кийин изин жашырып кеткен. Жабырлануучуларга келтирилген жалпы чыгым 66 миң 800 долларды түзгөн. Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Андан ары ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү жаран 3-май күнү «Ак-Жол» өткөрмө бекети аркылуу Кыргызстандан чыгып бараткан жеринен кармалды. Ал Кадамжай РИИБсынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ушул тапта бул шектүү жарандын мыйзамсыз аракетинен жапа чегишкен жарандарды аныктоо боюнча иликтөө иштери кызуу жүрүп жатат.

Алишер ТОСКОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17