Аймак

ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ БАРАК ЭКСКЛАВЫНАН КӨЧҮРҮЛҮП ЧЫГАРЫЛГАНДАР ҮЧҮН ЖАҢЫ АЙЫЛДЫН КУРУЛУШУНУН ЖЕРПАЙЫН ТҮПТӨДҮ

ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ БАРАК ЭКСКЛАВЫНАН КӨЧҮРҮЛҮП ЧЫГАРЫЛГАНДАР ҮЧҮН ЖАҢЫ АЙЫЛДЫН КУРУЛУШУНУН ЖЕРПАЙЫН ТҮПТӨДҮ

 309 Бардыгы /

Президент Садыр Жапаров Ош облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Өзбекстандагы Барак эксклавынан Ата Мекенине көчүрүлүп чыгарылган кыргызстандыктар жашай турган Жаңы-Барак жаңы айылынын – конушунун түптөлүшүнө “Мезгил кутусун” салуу салтанатына дагы катышты.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаровөз сөзүндө бул күндүн бардык кыргызстандыктар үчүн тарыхый маанисин баса белгиледи. Анткени, Барак айылы Өзбекстандын аймагында жайланышкандыктан, мындайча айтканда, эксклав болгондуктан, анын тургундары жарым-жартылай обочодо калып, көп жылдардан бери өз Ата Мекенине кирип-чыгууда кыйынчылыкты куп эле тартышты. Өлкө жетекчиси 2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында “Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым чек ара тилкелерин делимитациялоо жөнүндө” келишимге кол коюлгандыгын дагы эске салды. Андан ары мамлекете жетекчиси Барак тургундарын Кыргызстандын жаңы аймагына көчүрүү – алардын жашоо-шартын жана жай турмушун жакшыртууга карай маанилүү кадам болоорун баса белгиледи.

Башкы Планга ылайык, ошентип Кара-Суу районундагы 38 гектар аянтка Жаңы-Барак жаңы айылынын курулушу башталат. Башкы планда 164 жаранга турак үй куруу үчүн 8 сотыхтан жер тилкесин берүү, 101 жаңы үйдүн курулушу, ошондой эле жаңы айылдын тургундарынын жашы жеткен балдарына жер тилкелерин бөлүп берүү каралган. Үйлөрдүн курулушун ушул жылдын 31-августуна дейре бүтүрүү пландаштырылууда. Долбоордун маанилүү бөлүгү жалаң гана турак жайларды эмес, социалдык инфратүзүмдү дагы кошо түзүү, мунун ичинде мектепти, көп кабаттуу турак үйдү, спорттук обьектилерди жана медициналык бекетти куруу болуп саналат. Бул жаңы айылдын жашоочулары үчүн толук кандуу жана өнүккөн жер болушуна гана мүмкүндүк жаратат.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан эгемендик алгандан бери чек ара көйгөйлөрүнө карабастан, киндик кан тамган жерин таштап көчүп чыгып кетпей, Баракта туруктуу жашап келишкен кыргызстандыктарга терең ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле мамлекет башчысы чек арадагы айылдарыбыз ар дайым өлкө жетекчилигинин көңүл чордонунда экендигин баса белгилеп, Жаңы-Барак жашоочуларын жаңы айылды өнүктүрүү үчүн биргелешкен аракеттерге гана үндөдү.

Алишер ТОСКОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17