Аймак

ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ ОШ ОБЛУСУН ЖАНА ОШ ШААРЫН ӨНҮКТҮРҮҮ ПЛАНДАРЫ МЕНЕН ЖЕРИНДЕ ТААНЫШТЫ

ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ ОШ ОБЛУСУН ЖАНА ОШ ШААРЫН ӨНҮКТҮРҮҮ ПЛАНДАРЫ МЕНЕН ЖЕРИНДЕ ТААНЫШТЫ

 330 Бардыгы /

Президент Садыр Жапаров Ош облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Аймакты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерине арналган жумушчу кеңешме дагы өткөрдү.

Ошентип, Мамлекет башчысына таза суу менен камсыздоо, жол инфратүзүмүн заманбап жакшыртуу, социалдык обьекттерди куруу жана реконструкциялоо, көп батирлүү ипотекалык үйлөрдү тургузуу, ошондой эле өндүрүштүк ишканаларды ишке киргизүү боюнча долбоорлордун жүзөгө ашырылышы туурасында маалыматтар берилди. Бул кеңешменин жүрүшүндө баса белгиленгендей, аталган долбоорлор жергиликтүү калктын жашоо сапатын жакшыртуу жана экономикалык өсүштү стимулдаштыруу үчүн стратегиялык мааниге дагы ээ. Муну менен катар мамлекет башчысы Кара-Суу районундагы «Туратали» базарын мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча аткарылган иштер туурасында дагы маалыматты дыкаат тыңдады.

Президент Садыр Жапаров бардык жооптуу түзүмдөрдүн ишин ого бетер күчөтүүнү тапшырып, Аймактарды социалдык-экономикалык жактан ырааттуу өнүктүрүү жаатында коюлган милдеттерди жүзөгө ашыруунун натыйжалуулугу – жергиликтүү бийлик жетекчилеринин ишмердүүлүгүн баалоонун башкы критерийи экенин дагы бир ирет эске салды.

Сапарынын соңунда Президент Садыр Жапаров берилген тапшырмалардын аткарылышын катуу көзөмөлдөөнүн маанилүүлүгүн өзгөчө белгилеп, президенттин администрациясына отчеттук маалыматтарды үзгүлтүксүз берип туруу зарылдыгын дагы билдирди.

Алишер ТОСКОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17