Аймак

ЭАУдагы СПОРТТУК ИЙГИЛИКТЕР ЖАНА “МЕДИА САБАТТУУЛУК” ИШ-ЧАРАСЫ

ЭАУдагы СПОРТТУК ИЙГИЛИКТЕР ЖАНА “МЕДИА САБАТТУУЛУК” ИШ-ЧАРАСЫ

 147 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. К. Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад шаары) Гуманитардык-экономикалык колледжинин “Башталгыч класстарда окутуу” адистиги боюнча I курсунун студенти Кожоярова Мадина Кыргыз Республикасынын спорт мектептеринин республикалык мелдешинде алыш күрөшү боюнча 55 кг салмагында I орунду ээледи.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы билдиргендей, ректорат Мадина Кожоярованы куттуктаа жана ага спорт жаатында албан-албан ийгиликтерди каалады.

Ушул эле күнү университеттин жыйындар залында АКИpress маалыматтык агенттиги тарабынан студенттер үчүн “Медиа сабаттуулук” аттуу ачык баарлашуу форматындагы иш-чара өткөрүлдү. Ага медиа-эксперт Жалил Сапаров, Улуттук телерадиокомпаниясынын Жалал-Абаддагы бөлүмүнүн директорунун орун басары Диана Раимжанова жана АКИpress маалыматтык агенттигинин кабарчылары Жумагүл Шайыкова менен Эмир Сариев катышышты. Студенттердин айтуусу боюнча аталган иш-чара абдан мазмундуу жана пайдалуу болду.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17