Аймак

ЧЕК АРАНЫ МЫЙЗАМСЫЗ БУЗУП ӨТКӨН КОӉШУ ӨЛКӨНҮН ЖАРАНЫ КАРМАЛДЫ

ЧЕК АРАНЫ МЫЙЗАМСЫЗ БУЗУП ӨТКӨН КОӉШУ ӨЛКӨНҮН ЖАРАНЫ КАРМАЛДЫ

 435 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаардык милициясы чек араны мыйзамсыз бузуп өткөн коӊшу өлкөнүн жаранын кармады.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей,Жалал-Абад ШИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын (ЭММКАК) ыкчам кызматкерлери тарабынан, облус аймагында өтүп жаткан «Экстремист» аталышындагы ыкчам иликтөө жана алдын алуу иш-чарасы учурунда,  “Өзбекстан мамлекетинин «А» аттуу жараны Жалал-Абад шаарынын аймагында мыйзамсыз жүрөт” деген маалымат алынган.

Аталган маалымат Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, ЭММКАКтын кызматкерлери тарабынан тиешелүү ыкчам иштери жүргүзүлгөн.

Натыйжада шектүү катары Өзбекстан Республикасынын жараны 1982-жылы туулган У.А. аныкталып, Кыргыз Республикасынын кайтаруудагы чек арасын мыйзамсыз бузуп өтүп Жалал-Абад шаарында мыйзамсыз жүргөн жеринен кармалып, караштуулугу боюнча Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 378-беренесинин (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү 1982-ж.т. У.А. Өзбекстан Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан 2023-жылдын август айынан тарта оор кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөндүгү жана ал буга чейин соттолгондугу такталган.

Ошондой эле кайтаруудагы мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп өткөн шектүү У.А. Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-97-беренелеринин негизинде камакка алынып, Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда бул кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17