Аймак

МЭР ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ОКУУЧУЛАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫ

МЭР ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ОКУУЧУЛАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫ

 834 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Кечээ, 16-майда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков “Мектеп лигасы -2024 ” республикалык чемпионатында спорттун волейбол түрү боюнча 1-орунду багындырган №21 Жолболду Болотов атындагы орто мектебинин балдар командасын жана Американын Техас штатында робототехника боюнча өткөн чемпионатта 8000 команданын ичинен алдыңкы ондукка кирген “Ариет” балдар чыгармачылык борборунун 2 окуучусун, ата-энелерди жана мугалимдерди кабыл алды.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей,

калаа башчысы, Жалал-Абад шаарынын намысын коргоп, ийгилик менен кайткан окуучулардын жеңиши жалпы шаардын сыймыгы экенин баса белгилеп, машыктыруучуларга, мугалимдерге жана окуучуларга ыраазычылык баракчаларын тапшырды.

Белгилей кетсек, ушул жылдын май айында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында “Мектеп лигасы – 2024” республикалык чемпионаты өтүп, анда Жалал-Абад шаарындагы №21 Жолболду Болотов атындагы орто мектебинин окуучулары волейбол боюнча республикада Жалал-Абад облусунун намысын коргоп, 1-орунду багындырышып, сыйлык катары 300 миң сомдук сертификатка ээ болушкан.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17