Аймак

ОШТО ЭЛ АРАЛЫК БИЙЧИЛЕР ФЕСТИВАЛЫ БАШТАЛДЫ

ОШТО ЭЛ АРАЛЫК БИЙЧИЛЕР ФЕСТИВАЛЫ БАШТАЛДЫ

 1,083 Бардыгы /

Кыргызстандын Түштүк башкалаасында «Бий искусствосу – 2024» аттуу II эл аралык бийчилер фестивалы башталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 9-июлда Токтогул Сатылганов атындагы сейил багында бий фестивалынын ачылышы жүрдү. Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров жана чет өлкөлөрдөн келген расмий коноктор катышышып, жалпы бий өнөр ээлерин чын ыкластан куттукташты. Ошондой эле бийчилер жөө жүрүшү жана кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси дагы уюштурулду.

Баса, Кыргызстанда өтүп жаткан бул эл аралык бий фестивалына Түркия, Өзбекстан, Каракалпакстан, Казакстандын таланттары катышып жатышат. Бийчилерди чогулткан иш-чара 12-июлга чейин улантылат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17