Аймак

КЫРСЫКТАГАН КӨК-ЖАРЛЫКТАР ТАЗА СУУСУЗ ЖАНА ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫЗ КАЛЫШТЫ ЭЛЕ…

КЫРСЫКТАГАН КӨК-ЖАРЛЫКТАР ТАЗА СУУСУЗ ЖАНА ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫЗ КАЛЫШТЫ ЭЛЕ…

 177 Бардыгы /

Акыркы күндөрдө таптакыр көз ачылбай нөшөрлөгөн жамгыр Ош облусунун Ноокат районундагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн кыштактарын тегиз аралап агып, акырында селге айланды. Күтүлбөгөн жаратылыш кырсыгынан калк олуттуу жапа чеккени менен, эң башкысы өлүм-житим болгон жок!

Абдилаким Адилов, Ноокат районундагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн коомдук коопсуздук боюнча адиси:

– Чындыгында, биз мындай кырсыкты күтпөгөн элек. Даяр дагы эмес болчубуз. Сел арыктардан жана дагы дарыялардан ашып-ташып, заматта куп гана шаштыбызды кетирбедиби. Элибиз ары-бери үзгүлтүксүз каттаган жападан жалгыз көпүрөбүздү алып тынды. Өз ара каттам дээрлик тыйылды. Байкагандырсыз көк-жарлыктар бүтүндөй таза суусуз жан дагы электр энергиясыз калышты. Ошондуктан, биз ичүүчү сууну тээ алыстан машина менен ташып, жабыркаган жердештерибизди дегеле зарыктырган жокпуз. А электр энергиясы дагы кайрадан жандырылды. Ал эми дамба сөзсүз курулат. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министри Равшанбек Рысбаевдин алдына маселени кабыргасынан коюп жатабыз. Анткени, 10 гектар аянт үлүш жерди жанагыл сел тегиз каптабадыбы…

Үрүнсакан Мамасалиева, Ноокат районундагы Көк-Жар айылынын Он-Эки-Бел кыштагынын тургуну:

– Жибек жолу көпүрөбүздү сел агызып кетти. Шорубуз шорподой эле кайнап жатат, эй! Эң башкысы: кудайга шүгүр, өлүм-житим жок! Мындайда баарыбызга тең сабыр гана тилеймин!

Сабира АБДЫЛАКИМ кызы, Ноокат районундагы Көк-Жар айылынын Сары-Канды айылынын тургуну:

– Чынын айтайынчы, биз быйыл селдин азабын куп гана тарттык… Сел суулар короолорубузду, үйүбүздү дагы тегиз каптабадабы. Бактыбыз тоодой экен, өзүбүз– адамдар аман калдык! Ушул жигеттерге чоң ыракмат! Өзгөчө кырдаалдар жана Ички иштер министрлигинин жоокерлеринин түздөн-түз жардамы аркасында гана сел баскан аянттарды толук бойдон тазаладык. Акыр-чикирлерден дагы арылттык. Эң акырында Санэпидстанциянын кызматкерлери баарына тегиз дарыларды чачышып, атайын заттарды кыдырыта себишип, толук кандуу зыянсыздандырышты.

Эрмек КАМАЛОВ, Ноокат районундагы Нарай айылынын жашоочусу:

– Көрүңүздөр го. Сел баскан жерлерде баарыбыздын тең үлүш аянттарыбыз бар эле. Буларды бүтүндөй кыян каптады. Эгин-тегинибизди – быйылкы түшүмүбүздү сел жууп кетпедиби, айланайындар! Эми кантебиз, ыя? Көпчүлүгүбүз олчойгон кредит алганбыз. Аны убакыт-саатында төлөбөсөк, бара-бара тууму кошулуп олтуруп айлабызды куп гана курутушат…

Азизбек ШАМУРАТОВ, Ноокат районундагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы:

– Өлкөбүздө Аймактык-Административдик реформа (АТР – автор) абдан кызуу жүрүп, районубуздагы Көк-Жар жана Он-Эки-Бел эми гана кошулган элек. Демек, ушул тапта, байкагандырсыздар, биздин түйшүгүбүз эки эселеп көбөйдү. Кыйраган эң чоң Ош-Раззаков көпүрөсүн чукул арада кайра салып беришсе, көйгөйүбүз чекесинен жеңилдейт эле. Жапа чеккен үй -бүлөлөргө жеңилдетилген судалар дагы таратылса, ого бетер сообубузга калышмак… Эл эмеспизби! Калганын өзүбүз эле эптейт элек…

Ошентип, Ош облусунун Ноокат районундагы Көк-Жар жергесинде күн ушул тапта дагы деле бүркөк. Шамал жүрүп эле булуттарды таратпаса, жамгырдын мындан ары дагы тынбай жаашы күтүлөт. Муну Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дагы улам-улам эскертип, коңгуроо кагып жаткан маалы. Кудай, чындыгында, сактансаң гана сактайт эмеспи…

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17