Аймак

УКМК ТӨРАГАСЫ КАМЧЫБЕК ТАШИЕВДИН ӨКҮЛ УУЛУ АБСАТТАР СЫРГАБАЕВ МЫНДАН АРЫ ТРАНСПОРТ МИНИСТРЛИГИН ЖЕТЕКТЕЙТ

УКМК ТӨРАГАСЫ КАМЧЫБЕК ТАШИЕВДИН ӨКҮЛ УУЛУ АБСАТТАР СЫРГАБАЕВ  МЫНДАН АРЫ ТРАНСПОРТ МИНИСТРЛИГИН ЖЕТЕКТЕЙТ

 417 Бардыгы /

Президент Садыр Жапаровдун соңку Жарлыгына ылайык президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев ээлеген кызматынан бошотулду.

Мамлекет башчынын дагы бир Жарлыгы менен ал транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Анын талапкерлиги эми Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн гана киргизилет.

Ал эми Президенттин басма сөз кызматы мурдагы транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Жалал-Абад облусунун губернаторлугуна дайындалгандыгын кабарлады.

Абсаттар Сыргабаев буга дейре Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы сыңары иштеген. Жалал-Абад облусунун жетекчиси кызматына 2020-жылы октябрда гана дайындалган.

Ал 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо ошол кезде Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев башында турган “Мекенчил” партиясынан талапкер болгон. Ошондой эле партиянын тизмесинде дагы бешинчи катарда турган.

Айтмакчы, 48 жаштагы Абсаттар Сыргабаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМКнын) төрагасы Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы сыңары дагы кеңири таанымал.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17