Аймак

НООКЕНДЕ КЫЗМАТКЕРЛЕР АРДАКТУУ ЭС АЛУУГА ЖИБЕРИЛДИ

НООКЕНДЕ КЫЗМАТКЕРЛЕР АРДАКТУУ ЭС АЛУУГА ЖИБЕРИЛДИ

 156 Бардыгы /

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда кызматкерлер ардактуу эс алууга жиберилди. Маалыматты Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Анда “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө  жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына ылайык,  милициянын  майору Нурадил Абдулаев жана милициянын пропорщиги Жигитбек Раманкуловдор ардактуу эс алууга жиберилди.

Ноокен РИИБдин башчысы сөз сүйлөп, ар бир милиция кызматкери үчүн ардактуу эс алууга чыгуу бул сыймык экендигин айтып, аларга ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, кайсыл жерде болбосун аман болуусун каалады. Ошондой эле  өздүк курам тарабынан даярдалган белектерин берип узатышты.

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17