Аймак

ӨКМ СЕЛ ЖҮРҮҮ ЖАНА ТАШ КУЛОО КОРКУНУЧУ БАР ЖОЛДОРДУН ТИЗМЕСИН ШАРДАНА КЫЛДЫ

ӨКМ СЕЛ ЖҮРҮҮ ЖАНА ТАШ КУЛОО КОРКУНУЧУ БАР ЖОЛДОРДУН ТИЗМЕСИН ШАРДАНА КЫЛДЫ

 258 Бардыгы /

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел жүрүү жана таш кулоо коркунучу бар жолдордун тизмесин акыры жарыялады.

Атайын тизмеге ылайык, ушул жылдын 13-17-июль күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлөп жаачуу жаанга байланыштуу республиканын төмөнкү унаа жолдорунда сел жүрүшү жана таш кулашы мүмкүн:— Бишкек – Ош унаа жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426-чакырымдарында;— Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133-чакырымдарында;— Бишкек – Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-128-1-чакырымдарында;— Балыкчы – Бөкөнбаева унаа жолунун 64-117-чакырымдарында;— Талды-Суу – Арал унаа жолунун 4-5-чакырымдарында;— Ош – Раззаков унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190-чакырымдарында;— Мырзаке – Кара-Шоро унаа жолунун 18-28, 32-37, 44-56-чакырымындарында;— Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 2-4, 12-13, 22-24-чакырымдарында сел жана таш кулоо процесстери активдешүүсү толук ыктымал.

Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел жүрүү жана таш кулоо коркунучу бар жолдордо жарандардын жана айдоочулардын этият болууну эскертет.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17