Аймак

Ошто сел кырсыгында агып кеткен бешинчи жарандын сөөгү Өзбекстандан табылды

Ошто сел кырсыгында агып кеткен бешинчи жарандын сөөгү Өзбекстандан табылды

 261 Бардыгы /

Ошто орун алган сел кырсыгынан агып кетип, изделип жаткан бешинчи жарандын сөөгү Өзбекстандан табылганын ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кайрылуусунун негизинде Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары издөө-куткаруу ишин баштаган.

Анын алкагында маркумдун сөөгү 16-июлда, Андижан шаарындагы сайдан табылды.

Белгилей кетсек, 14-июлда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Ош шаарында жана Ош облусунда катуу сел жүрүп, анын кесепетинен жалпы 5 кишинин сөөгү сууга аткандыгы кабарланган. Алардын ичинен 4 жаран бир үй-бүлө мүчөсү экени айтылган.

Натыйжада издөө иштери башталып, алгач 7 жашар кыздын сөөгү ошол эле күнү суудан табылып, анын эртеси 44 жаштагы аялдын жана эки кызынын сөөгү табылган эле.

Эске салсак, каза болгондордун экөөсүнүн сөөгү Андижан шаарынын Шахрихонсай сайынан табылган болчу.

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17