Аймак

АЛАЙ РАЙОНУНДАГЫ ЛЕНИН ЧОКУСУНДА КАЗА ТАПКАН АЛЬПИНИСТТИН СӨӨГҮ ОРУСИЯГА ЖӨНӨТҮЛДҮ

АЛАЙ РАЙОНУНДАГЫ ЛЕНИН ЧОКУСУНДА КАЗА ТАПКАН АЛЬПИНИСТТИН СӨӨГҮ ОРУСИЯГА ЖӨНӨТҮЛДҮ

 300 Бардыгы /

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Ленин чокусунда кар көчкү басып каза тапкан Евгений Банниковдун сөөгү акыркы сааттарда өз Мекенине – Орусияга жөнөтүлдү. Бул туурасында орусиялык бир катар ЖМКлар жазышты.

Маалыматка караганда, Евгенний Геннадьевич Банниковдун сөөгү 20-июль күнү түштөн кийин гана чокудан алынып түшүп, 21-июль күнү Орусияга жөнөтүлгөн. Маркум өз Мекенинде акыркы сапарга узатылат.

Банников Евгений Геннадьевич – орусиялык акын жана композитор,  альпинист. 1965-жылы Челябинск облусунда туулган.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17