Аймак

КАРА-СУУ РАЙОНУНУН АКИМИ ТЕМИРБОЛОТ АБЫКЕЕВ УКМКга СУРАККА ЧАКЫРЫЛДЫ

КАРА-СУУ РАЙОНУНУН АКИМИ ТЕМИРБОЛОТ АБЫКЕЕВ УКМКга СУРАККА ЧАКЫРЫЛДЫ

 303 Бардыгы /

Ош облусуна караштуу Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Темирболот Абыкеев УКМКга суракка чакыртылды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Алдын ала маалыматка караганда, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Темирболот Абыкеев райондун аймагындагы Ынтымак айыл өкмөтүндөгү (мурдагы Жаңы-Арык айыл өкмөтү) жерлердин сатылышы боюнча суракка чакыртылган.

Баса, үстүбүздөгү жылдын 19-июль күнү УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарында селдин кесепеттерин жоюу боюнча жыйын өткөрүп, анда Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык айыл өкмөтүндө 1000 чек 50 миң сомдон 300 миң сомго чейин сатылгандыгын, тиешелүү адамдар жазасын алышы абзелдигин, эгерде буга район  акиминин дагы тиешеси болсо, ал дагы кармалышы керектигин айткан эле… Кара-Суу районун акими Темирболот Абыкеев – президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевдин бир тууган иниси.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17