Аймак

КЫРГЫЗ ӨКМӨТҮ ОШ ЖЕРГЕСИНДЕ 2517 ҮЙ-БҮЛӨ МЕНЕН СОЦИАЛДЫК КЕЛИШИМ ТҮЗДҮ

КЫРГЫЗ ӨКМӨТҮ ОШ ЖЕРГЕСИНДЕ  2517 ҮЙ-БҮЛӨ МЕНЕН СОЦИАЛДЫК КЕЛИШИМ ТҮЗДҮ

 210 Бардыгы /

Быйыл Кыргызстандагы аз камсыз этилген 8500 үй-бүлө Кыргыз өкмөтүнөн «Социалдык келишим» долбоорунун алкагында 100 миң сомдон алышты. Бул туурасында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен маалымдашты.

Маалыматка караганда, булардын арасынан Ош облусунда 2422 жана Ош шаарында 95 үй-бүлө Кыргыз өкмөтү менен «Социалдык келишим» түзүшкөн. Ал эми Мамлекеттик Статистикалык комитеттин эсебине караганда, Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 2019-жылы 20 пайызга дейре түшкөн. 2020-жылы пандемиядан улам бул көрсөткүч кайрадан 25 пайызга көтөрүлүп, 2021-2022-жылдары 33 пайызга чейин жогорулаган. Дал ушунун өзү өлкөбүздүн калкынын үчтөн бир бөлүгү жакыр жашашат дегенди ачык туюндурат.

Айтмакчы,  «Социалдык келишим» долборунун алкагында жардам алгандардын 95,8 пайызын элет жергесинде жансактап жатышкан аялдар түзүшөт.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17