Аймак

УКМК ӨКҮЛДӨРҮ ШАНТАЖ МЕНЕН АЛЕКТЕНИШКЕН МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИН КАРМАШТЫ

УКМК ӨКҮЛДӨРҮ ШАНТАЖ МЕНЕН АЛЕКТЕНИШКЕН МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИН КАРМАШТЫ

 342 Бардыгы /

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда Ош облустук ички иштер башкармалыгына караштуу коопсуздук кызматынын өкүлдөрү акыры кармалышты.

УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Ош облустук ИИБсынын СБНОН кызматынын өкүлү, улук оперуполномочен, милициянын майору М.Э.А. жана аталган кызматтын оперуполномочени, милициянын лейтенанты Т.И.С. кыздарды коркутуп-үркүтүшүп, аларга бейтаааныш адамдардын автоунаасына маңзаттарын, же бирөөлөрдүн буюм-тейимдерин таштоого аргасыз кылышкан. Андан ары тигилер кылмыш жоруктарын атайылап каттатпастан туруп эле, кармалгандарды Ош облусунун ар кайсыл милициканаларында кармашып коркутуп-үркүтүп, ири өлчөмдөгү акчаларды алып турушкан.

Ошентип, атайын операциянын маалында тинтүү учурунда кармалгандардан кара-жашыл түстөгү атайын жыты бар  зат табылып, дароо экспертизага жөнөтүлдү. Ал эми Ош облустук ИИБсынын СБНОН кызматынын өкүлү, улук оперуполномочен, милициянын майору М.Э.А. жана аталган кызматтын оперуполномочени, милициянын лейтенанты Т.И.С. УКМКнын Ош аймагындагы абагына дароо киргизилди. Булар кызмат акыбалынан кыянатчылык менен пайдаланышып, маңзатты дагы мыйзамсыз пайдаланып жүрүшкөн. Ошондуктан, бул жоруктарга тиешеси бар башка кызмат адамдарын дагы иликтөө жана аныктоо жараяны  кызуу улантылууда.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17