Аймак

КАРА-КУЛЖАДА ЖАҢЫ-ТАЛАА КАНАЛЫНЫН КУРУЛУШУ ЖАНДАНДЫРЫЛДЫ

КАРА-КУЛЖАДА ЖАҢЫ-ТАЛАА КАНАЛЫНЫН КУРУЛУШУ ЖАНДАНДЫРЫЛДЫ

 204 Бардыгы /

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ош облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Кара-Кулжа райоунун эли менен дагы жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн жеринде гана тыңдады.

Ушул эле кездешүүдөн соң вице-премьер-министр Бакыт Төрөбаевге жергиликтүү калк Кара-Кулжа районундагы Жаңы-Талаа жана Ылай Талаа каналынын курулуш иштери алгач 2017-жылы, андан кийин 2020-жылы белгисиз себептерден улам токтоп калгандыгын айтышып, көйгөйдү чечип берүүнү өтүнүштү.  Аталган маселе дароо ордунан эле чечилип, Бакыт Төрөбаевдин тапшырмасы аркасында Жаңы-Талаа каналынын курулушуна керектүү атайын техника тартылып, курулуш жумуштары дароо гана жандандырылды.

Белгилей кетчүү жагдай: Кара-Кулжа районундагы Жаңы-Талаа каналы Кара-Кулжа районундагы Каракулжа, Чалма, Ылай-Талаа, Карагуз, Жаңы-Талаа, Кеңеш айылдарынын жерлерин сугат суу менен камсыз болуусун жогорулатат. Ушул тапта Тар суусунан суу алган сыйымдуулугу 0,8 куб метр-секундага жеткен насостук бекетти реконструкциялоо жумуштары толугу менен аяктады.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17